Биз менен байланышыңыз

БШК: Оштогу үч тилкеде шайлоонун жыйынтыгы кайра саналат

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 537 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы үч аймактык шайлоо комиссиясындагы шайлоонун жыйынтыгын кайра санап чыгуу маселесин талкуулап жатат.

Президенттикке талапкерлердин бири Курсан Асанов Ош шаарындагы №5319, 5320 жана 5559 шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар кайра эсептелишин талап кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири Акылбек Сариевдин пикиринде, бул үч тилкедеги шайлоонун жыйынтыгын кайра эсептеп чыгуу – прецедент жаратат.

Акылбек Сариевдин айтымында, талапкер Курсан Асанов арыз берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиктен, кайра саноого негиз жок.

«Эгер эртең бардык талапкерлер канча добуш алганын билгиси келсе жана кайра санап жатканда Асановдун дооматтары негизсиз болуп калса, анда ким жооп берет?» — деп сурады Акылбек Сариев.

Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева жогоруда айтылган шайлоо тилкелериндеги жыйынтыкты кайра санап чыгуу туура болот деген ойдо.

Талкуудан кийин Ош шаарындагы №5319, 5320 жана 5559 шайлоо тилкелериндеги шайлоонун жыйынтыктары кайра эсептеле турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM