Биз менен байланышыңыз

Үй камагына чыккан Кылычбек Саркарбаев мамлекетке миллион сом төктү

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 586 | 0

Ош шаардык мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду. УКМКнын маалыматына караганда, Саркарбаев миллион сом төлөдү. Ал 16-январда үй камагына чыгарылган.

Учурда УКМК Кылыч Саркарбаевди «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергеп жатат.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо максатында аудиторлорду тартуу менен текшерүүлөр дайындалды. Кылычбек Саркарбаевдин туугандары зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыярлары менен 1 миллион сом төлөп беришти», — деп айтылат маалыматта. 

2020-жылдын декабрь айынын аягында Ош шаардык сотунун судьясы Саркарбаевди 2021-жылдын 16-февралына чейин камакка алган. Ал УКМКнын тергөө органдары тарабынан «Башка кылмышты жашыруу же анын жасалышына көмөктөшүү максатында жасалган документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча айыпталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1987-жылы 20-январда туулган Кыргызстандын жараны Кылычбек Саркарбаевге берилген паспорттун жасалма экендигин аныктаган.

Ал буга чейин Кылыч Сулайманов деген ат менен жүргөн. Сулайманов болуп турган кезинде уюшкан кылмыштуу топтун лидери «Женго» (Кадыр Досонов) менен тыгыз мамиледе болгон. 2006-жылдын июнь айында уурдоо фактысынын негизинде Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

Аталган фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, Кылыч Саркарбаев ысымы менен жалпы жарандык паспорт алган. Жасалма документтин негизинде жумушка орношуп, Ош шаарынын мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM