Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Жол кирени 15 сомго көтөрүү сунушун өкмөткө жиберебиз

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 1070 | 0

Бишкек мэриясы маршруттук кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушкандан кийин жол кире акысын 15 сомго көтөрүү туура экенин билдирди. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жол кире акысын көтөрүү сунушу Экономика министрлигине жиберилерин кабарлады.

«Айдоочулар мага баарын айтып беришти. Тарифтердин көтөрүлүшүн, инфляцияны, мотору, тетиктери канчага кымбаттаганын айтып беришти. Эл бизди жаман көрбөсүн деп айтып коюумду өтүнүштү. Бул айла жоктун оокаты болуп жатат. Мэрия бул сунушту Экономика министрлигине жиберебиз. Алар бир айлык мөөнөттө анализ кылгандан кийин, бул кагазды бизге кайра жиберет. Мэрия бул сунушту шаардык кеңештин кароосуна киргизебиз. Жол кире акысын көтөрүү сунушу коомдук талкууга коюлат. Андан кийин жалпы сессияда маселе чечилет. Мен айдоочуларга саат 20:00гө чейин 12 сом, 24:00гө чейин 15 сом кылгыла» дедим. Бирок алар актабай калат дешти«, — деди Түлөбаев.

Ал линияга 1 миң 500 маршрут чыкпай койсо, шаарда башаламандык жараларын айтууда. Ошондуктан айдоочуларды да түшүнүүгө чакырат.

Бүгүн Бишкектеги кичи автобус айдоочуларынын бир тобу жол акысын 15 сомго көтөрүү талабы менен Октябрь райондук акимчилигине топтолушкан. 18-январда бир катар маршруттук таксинин айдоочулары каттамга чыкпай койгон.

Түлөбаевдин айтымында, пенсионерлер менен мектеп окуучуларына тариф 8 сом болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM