Биз менен байланышыңыз

Атамбаев саламаттыгына байланыштуу сотко катыша албай жатат

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 576 | 0

Бүгүн, 18-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарына карата ачылган ишти кароону улантты.

Сот бир процессте бириктирилген үч кылмыш ишин карап жатат. Үч эпизоддо тең Атамбаев айыпталууда.

Ал Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алган, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон массалык башаламандыкты уюштурган деп айыпталууда.

Бүгүнкү соттук отурумда Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев жазык иштин Атамбаевге карата бөлүгүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө өтүнүч келтирди. Судья, сот отурумунун катышуучуларынын пикирлерин угуп, аталган өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.

Андан сырткары Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу ишти аны катыштырбай эле кароо тууралуу арыз түштү.

Тараптардын ойлору угулган соң, Атамбаевдин жоктугуна байланыштуу, соттук отурум 3-февралга жылдырылды.

Бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүшүүдө.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин омурткасынын эки жеринен грыжа аныкталды. Ошондой эле жүрөгүндө да көйгөй бар экени, кан басымы төмөн экени айтылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл эки айга кесилген.

Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында Батукаевге байланыштуу ишти кайра кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM