Биз менен байланышыңыз

Маданият министри Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолугушту

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 669 | 0

Бүгүн, 18-январда Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эстрада ырчылары Курал Чокоев жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуу жылуу маанайда өткөн.

Министр менен ырчылар жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеяларын талкуулашкан.

Мындан тышкары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты.

Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу сунушу боюнча чечим чыкты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM