Биз менен байланышыңыз

Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу сунушу боюнча чечим чыкты

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 907 | 0

Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушун четке какты.

Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун атына кат жазылды. Ага комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева кол койгон.

Комиссиянын катында Кылмыш кодексине ылайык, мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганда же оор кылмыш жасаган учурда гана жокко чыгарылат деп айтылат.

«Кайрат Примбердиев бул кылмыштарды жасабагандыгы үчүн аны «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратууга негиз жок», — деп айтылат кайрылууда.

Чокоевдин чырдуу долбоору, тараптардын пикирлери

Маданият министрлиги ырчы Курал Чокоевдин коомчулуктун терс пикирин жараткан чуулгандуу автордук программасынан кийин ага ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алу чечимин чыгарган.

Ал эми Чокоевдин программасында конокто болгон Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу боюнча Президенттин аппаратына сунуш жөнөткөн.

Мындан тышкары министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды мамлекеттик маданий иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM