Биз менен байланышыңыз

Сыймык Жапыкеев Аспековдун ишине тиешеси жок экенин айтты

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 600 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев пара менен кармалган Мелис Аспековдун өзүнө каршы көрсөтмө бергени калп экенин айтты.

Ал өзү тууралуу тарап жаткан маалыматтар ушак экенин кошумчалайт.

18-январда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып, жарандык активист Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берип жатканын жазышкан. Анда «Мелис Аспеков алган 250 миң доллардын 50 миң доллары Сыймык Жапыкеевге берилмек» деп жазылган.

«Мелис Аспеков менен эч кандай мамилем жок. Ким кимден акча талап кылганын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Мага каршы көрсөтмө бергени калп, ал антип айтмак эмес», — дейт Сыймык Жапыкеев.

9-январь күнү УКМК тарабынан Мелис Аспеков жана Улан Жураев аттуу жарандар кармалган. Алар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деп айыпталган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен алар 9-мартка чейин камакта калтырылган.

Жарандык активист Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоп жүрүп, өзүн Жапаровдун Чүй боюнча штабынын жетекчиси катары жарыялаган.

Жапаров 10-январь шайлоо күнү добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Аспеков Жапаровдун шайлоо штабында иштебегенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM