Биз менен байланышыңыз

Ишкер кардардын ишенимине кантип кирет?

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2021 | 802 | 1

Кардардын ишенимине кирүү үчүн убадага бек болуп, айтылган ишти убагында бүтүрүү керек. Мындай пикирин ишкер Түгөлбай Сайдалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, убадага тура албай калган ишкер кардарга анын себептерин түшүндүрүшү кажет.

«Ишкердин биринчи утушу — ишеним. Кардар — ишкердин байлыгы, коногу, кирешесинин негизги булагы. Кардарсыз ишкер эч ким эмес. Мындан улам кардардын табитине кызыгуу керек. Ошол эле учурда ишкер жоготууга даяр турушу керек. Акча, ден соолук ж.б.», — дейт ишкер.

Сайдалиев ишкерлерди кайрымдуулук иштерин жарандык милдет катары карап, аны аткарууга үндөдү.

«Бирөөнүн колунда иштесек, анын акысын беришибиз керек. Эгерде ишке көңүлүң жокпу, анда башка бирөөлөрдүн акысына кирбей, жумушту таштап кетүү кажет», — дейт Сайдалиев.

Copyright © 2017 Maral FM