Биз менен байланышыңыз

АКШнын Мамлекеттик департаменти Навальныйды бошотууну талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 735 | 0

Американын Мамлекеттик департаменти Орусияда кармалган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды бошотууга чакырды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун билдирүүсүндө айтылат.

«Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Алексей Навальныйды камакка алуу чечимин кескин айыптайт. Биз анын камакка алынышын Навальный сыяктуу орус бийлигин сындаган башка оппозиция өкүлдөрүнүн да оозун басуу аракети катары баалайбыз жана бул аракетке тынчсыздануубузду билдиребиз. Биз анын токтоосуз жана шартсыз бошотулушун талап кылабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Навальныйдын айланасындагы кырдаал боюнча чет элдик саясатчыларды эл аралык мыйзамдарды сыйлоого жана өз өлкөлөрүнүн көйгөйлөрү менен алек болууга чакырган.

Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный 17-январь күнү Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган. Ал баш коргоо чарасы аныкталганга чейин камакта калат.

Москва: Алексей Навальный аэропорттон кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM