Биз менен байланышыңыз

Москва: Алексей Навальный аэропорттон кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 752 | 0

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Берлинден Москвага учуп келгенде «Шереметьево» аэропортунан полиция кармап кетти. Мунун себеби да айтылбай, жактоочусуна чогуу барууга уруксат берилген жок.

Алексей Навальный Берлин-Москва каттамындагы «Победа» учагы менен 17-январда Москва шаарынын «Внуково» аэропортуна келерин маалымдаган. Бирок ал «Шереметьево» аэропортуна конду. Ал эми «Внуково» аэропортунда Навальныйдын тарапташтары кармалды.

Буга чейин Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйга издөө жарыялаган. Маалыматтарга караганда, саясатчы сотко чейин камакта калат.

Федералдык кызмат Навальныйды кармоонун себебин «Ив Роше» компаниясындагы уурдоо жана «Шарите» клиникасынан чыккандан кийин көзөмөлдөн качуу боюнча шарттуу өкүмдү бузганы үчүн деп түшүндүрдү.

Алексей Навальный 2020-жылдын 20-августунда Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер Навальный тыюу салынган химиялык зат менен ууландырылганын айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM