Бүгүн, 18-январдан баштап Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча учуулар калыбына келтирилет.
Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, каттам жумасына бир жолу — дүйшөмбү күндөрү аткарылат.
2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы аэродромдун пайдалануу тастыктамасынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.
2020-жылдын 7-декабрында аба майдандын иши жанданып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган.