Биз менен байланышыңыз

Вирустун жаңы түрү кандай тарагандыгы ачыкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 10004 | 0

Окумуштуулар «британиялык» коронавирус дүйнө жүзүнө кандайча тарагандыгын аныктады.

Илимпоздор 2020-жылдын сентябрынан декабрына чейинки мезгилдеги 19 мамлекеттин калкынын мобилдүүлүгү жөнүндө маалыматтарды анализдеп чыгып, коронавирустун «британиялык» штаммы Улуу Британияда пайда болуп, андан кийин дүйнө жүзү боюнча ушул өлкөнүн жарандары тарабынан ташылып келген деген бүтүмгө келишти. Изилдөөнүн натыйжаларын чет өлкөлүк басылмалар жарыялаган.

SARS-CoV-2 деп аталган вирустун жаңы, өтө жугуштуу түрү Улуу Британияда 2020-жылдын экинчи жарымында пайда болду. Алгач Кент шаарында  20-сентябрда, Лондондо 21-сентябрда бар экени аныкталган.


«Февраль-март айында вирустун III толкунун күтүп жатабыз»


Улуу Британиянын Өкмөтү декабрда жаңы штаммдын жайылышын чектөө үчүн Лондондо жана Англиянын түштүк-чыгышында катуу чараларды көргөн. Жалпы калктык изоляция режимин киргизүү аракети көрүлүп, февраль айынын ортосуна чейин мектептер жана айрым ишканалар жабылган.

2020-жылдын декабрь айында көптөгөн өлкөлөр Улуу Британиядан кирүүгө чектөө койгону менен, ушул убакытка чейин 16 мамлекетте «британиялык» штамм табылган. Эми окумуштуулар: «Бир жерде пайда болгон вирустун  жаңы түрү дүйнөгө ушунчалык ыкчам жайылып кетүүсү мүмкүнбү же ушул сыяктуу мутациялар бир нече жерде болгонбу?» — деген суроонун үстүндө баш катырууда.

Кытай, АКШ жана Улуу Британиянын окумуштуулары «Facebook Data for Good» тиркемесинин жардамы менен 19 мамлекеттин жашоочуларына Улуу Британиядан келген саякатчылары аркылуу вирустун жаңы варианты ташылып келгендигин аныктоо үчүн мобилдик маалыматтарды топтоп, вирустун жайылуу ылдамдыгын эсептеп чыккан.

Америка Кошмо Штаттарында жүргүзүлгөн байкоонун негизинде оорунун жаңы түрү 9,5 күндүк аралыкта жайылышы мүмкүн экени айтылган.

«Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Кыргызстанга келет»

Copyright © 2017 Maral FM