18-январда Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Авиакаттамдарды «Tez Jet» авиакомпаниясы аткарат.
Каттам ар жуманын дүйшөмбү күнү аткарылып, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөттү түзөт.
-Бишкектен учуп кетүү — саат 11:00.
-Исфанага учуп келүү — 12:15.
-Исфанадан учуп кетүү — 13:05,
-Бишкекке учуп келүү — 14: 20.
2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аба майдандын учуп-конуу тилкесине, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү.
Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.
Мындан тышкары 2019-жылы жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн — каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар.