Биз менен байланышыңыз

Володин: АКШ шайлоону уюштурууда Кыргызстандан сабак алышы керек (видео)

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 1065 | 0

АКШ шайлоону уюштурууда Кыргызстан менен Казакстандан сабак алышы керек. Мындай пикирин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин «Россия-24» телеканалына берген маегинде Америкадагы шайлоолор тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

Володиндин айтымында, быйыл шайлоолорго көз салган эл аралык уюмдардын байкоочулары Кыргызстандагы президенттик жана Казакстандагы парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда иштешкен. Алардын баары шайлоолор өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгилешкен.

«Эл аралык байкоочулар өнөктүк атаандаштык менен, ачык-айкын өттү деп айтышты. Америка Кошмо Штаттары шайлоо өткөрүү жагынан Кыргызстандан, Казакстандан сабак алса болот. Азыр сиздин күлкүңүз келип жатат (алып баруучу-ред.), телекөрүүчүлөр деле күлсө керек, бирок күлбөгүлө. Чынында Советтер Союзунун курамынан чыккан, Орусия менен эл аралык уюмдарда кызматташкан өлкөлөрдө шайлоо стандарттары өтө бийик. Американын шайлоо системасы архаикалык, жабык, бир дагы эл аралык байкоочу катышпаган система», — деди Володин.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо өттү. Анда алдын ала жыйынтык боюнча талапкер Садыр Жапаров жеңди.

Ушул эле күнү Казакстанда парламенттик шайлоо өткөн.

Мамдуманын төрагасынын Кыргызстандагы шайлоо тууралуу айтканын төмөнкү видеонун 10-мүнөт 41-секундасынан көрө аласыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM