Биз менен байланышыңыз

Караколдо газ баллондун жарылышынан жабыркаган бейтап Бишкекке которулат

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 377 | 0

Караколдо тез тамактануучу жайда газ баллондун жарылуусунан жаракат алган бейтап Ысык-Көл облустук ооруканасынан Бишкекке которулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Ысык-Көл облустук ооруканасында төрт жабырлануучу дарыланып жатат. Аларга консилиум жасалгандан кийин бейтаптардын бирин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которуу чечими кабыл алынды.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 10-январда тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, бир киши каза болгон. Борбордук базарда жайгашкан тез татым жайында иштеп жаткан эки жигит жарылуу болгондо, күркөдөн секирип чыгып кеткенге үлгүргөн. Ал эми 18 жаштагы кыз чыга албай калган.

Январдын башында Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда да газ баллондун жарылышынан 11 адам жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM