Биз менен байланышыңыз

Бир суткада Бишкекте коронавирустан үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 434 | 0

Кыргызстанда 14-январга карата коронавирустан Бишкек шаарында үч бейтап каза болду. Өлкөдө бул оорудан көз жумгандардын жалпы саны 1378 болду.

Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны 82 723кө жетти. Бир суткада 136 адамдан вирус табылды.

Ошол эле акыркы суткада 205 адам ооруканадан чыгарылды, илдеттен айыккандардын жалпы саны 78 миң 563кө жетти.

Медициналык кызматкерлер арасында коронавирустун жалпы учурлары 4150гө жетти, андан айыккандар 4040.

Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM