Биз менен байланышыңыз

Он миңден ашык жаран ID картасына «улуту» графасын коштурду

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 1246 | 0

Он миңден ашуун кыргызстандык ID паспортуна «улуту» графасын коштурду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице премьер-министр Артем Новиков 15-декабрда Кыргызстандын жаранынын идентификациялык паспортуна «улуту» графасын кошуу жөнүндө чечимге кол койгон.

Ошол убакыттан бери кыргызстандыктарга 19 миң 451 ички паспорт берилген, анын ичинде 10 миң 153 жарандын паспортунда улуту көрсөтүлдү.

Жарандын каалоосу боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картасына «улуту» деген графа кошулат.

2017-жылдын 1-майынан баштап электрондук чип орнотулган ички паспорттор бериле баштаган. Анда төмөнкү маалыматтар камтылган:

— текст түрүндө: фамилиясы, аты жана атасынын аты, жынысы, жарандыгы, туулган датасы, документтин номери, берилген датасы, колдонуу мөөнөтү, жеке идентификациялык номери, ыйгарым укуктуу орган жана коду, ээсинин колу, ээсинин жүзүнүн сүрөтү санарип форматта, жеке идентификациялык номердин штрих коддору жана документтин номери;

— түзмөктө окула турган формада: түзмөктө окула турган зона;

— электрондук чипте: ГОСТ стандарттарына ылайык криптографиялык алгоритмдердин негизинде жүзөгө ашырылган биометрикалык маалыматтар, улуту, туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы, электрондук-сандык кол тамгалардын ачкычтары бар.

Copyright © 2017 Maral FM