Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик аппаратты 30 %га кыскартуу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Янв 2021 | 882 | 0

Айрым министрликтерде кызматкерлердин санын кыскартуу зарыл. Анткени бюджеттин 57 %ы айлык акыга сарпталат. Бул да болсо, коррупциянын кесепети. Мындай пикирин президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экономикалык кризистен чыгуу үчүн мамлекеттик аппаратты 30 %га кыскартуу зарыл. Мындай кадамдын артында жыл сайын 600 млн доллар үнөмдөлөт да, береке келет.

«Жакшы иштебеген адистерди ызматтан кетирүү зарыл. Мамлекеттик мекемеде иштегендер пайда алып келиши керек. Биз тескерисинче, зыян келтиргендерге да акча, салык төлөп жатабыз. Бизге көпчүлүк инвесторлор ишенбейт. Анткени алган каражаттар максаттуу пайдаланылган жок. Иш билги менеджерлер келсе, ишеним жогорулайт. Мындан сырткары сот системасын оңдоо керек. Жаңы бийлик иш билги команда түзүшү кажет. Болбосо коомчулук ишенбей калат», — дейт Төлбаев.

Ал бизнесмендерге Кыргызстанда ишкердик жүргүзүүгө толук шарт түзүлбөгөнүн айтып, ашыкча текшерүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.

«Жаңы бийлик ишкерлер менен ай сайын сүйлөшүп, аларды түйшөлткөн маселелерди чечүүсү зарыл. Ошол эле учурда салык саясатын жеңилдетүү маанилүү. Сот системасын реформалап, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп, инвестиция тартышы кажет. Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмакты камсыздашы абзел», — дейт талапкер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM