Биз менен байланышыңыз

«Парламенттик башкарууга өтүү үчүн коомду даярдоо зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Янв 2021 | 650 | 0

Аракеттеги Конституция боюнча деле Кыргызстан президенттик башкаруу менен келе жатат. Парламенттик башкарууга өтүү үчүн коомду даярдоо зарыл. Мындай пикирин президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Ал үчүн Конституцияны өзгөртүү керек. Депутаттардын, саясатчылардын билим деңгээлин жогорулатуу кажет. Азыркы учурда ким акчалуу болсо, бийликке келе берет, бирок бул туура эмес. Маселен, эл өкүлдөрү 3 тилде эркин сүйлөсө, жаштарга да үлгү болот. Азыр көпчүлүк депутаттардын сүйлөгөнү, ой жүгүртүүсү башкача, тажрыйба жетишпейт. Мындан улам 5-6 жылда коомду, мыйзамдарды даярдап, андан соң парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек», — дейт Төлбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM