Connect with us

Төлбаев: Премьер-министрлик кызмат сунушталса, ойлонуп көрөм

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Янв 2021 | 1140 | 0

Президентик шайлоонун жеңүүчүсү Садыр Жапаровдун шайлоодогу атаандаштарын баарлашууга чакырышы — эң туура саясат. Мындай пикирин президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Жапаров чакырса, ойлонуп көрөбүз. Азырынча андай сунуштар жок. Ошондуктан өзү билет. Менин деңгээлим — лидерлик чекте. Андыктан мамлекетти, коомду өзгөртүүгө билимим, тажрыйбам жетет. Анткени бир сом коротпой, өз тажрыйбам менен жакшы мамиленин аркасында 3300 кишиге жумуш орундарын түзүп бердим. Жапаров чакырса, коомдук кеңешчи болуп беришим мүмкүн. Премьер-министрлик кызматты сунуштаса, ойлонуп көрөм. Баарыбыз президент кылып шайлаган соң, колдошубуз керек. Бул киши (Садыр Жапаров-ред.) жагабы, жакпайбы, ал — башка суроо» , — дейт Төлбаев.

Ал өлкөнүн экономикалык абалын ургаачы музоого салыштырды.

«Биз музоону саагыбыз келет, бирок андай болбойт. Музоо чоңоюшу үчүн ага суу, жем, чөп берүү кажет. Ошол сыяктуу эле экономиканы өстүрүү үчүн инвестиция тартып, шарт түзүү керек. Биз өзүбүздөн баштабасак, эч ким акча бербейт», — дейт талапкер.

Copyright © 2017 Maral FM