Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын президенти Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 576 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу тажик президентинин расмий сайты жазды.

Эмомали Рахмон тажик-кыргыз кызматташтыгынын бардык багытын жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча биргелешкен аракеттерге үмүттөнөрүн айтты.

— Кыргызстан эли өз позицияларын эркин билдирүү аркылуу сиз тандаган багытты, өлкөдөгү туруктуулукту жана ынтымакты чыңдоого, өнүгүүгө багытталган аракеттериңизди колдой турганын көрсөтүштү. Биз да эки өлкөнүн элинин кылымдардан бери уланып келген тарыхый кызматташуусун сактоого жана өнүктүрүүгө кызыкдарбыз.

Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын, Түркиянын президенттери жана бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери куттуктоодо.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча талапкер Садыр Жапаров 79 пайыз добуш менен жеңген.

Copyright © 2017 Maral FM