Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 480 | 0

Кыргызстанда 12-январга карата COVID-19 илдетинен үч бейтап каза болду. Ушуну менен өлкөдө коронавирустун жалпы өлүм учурлары 1374кө жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдети менен 115 адам катталды. Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 82 миң 495ке жетти.

Бир сутка ичинде 178 бейтап сакайып, оорудан айыккандардын жалпы саны 78 181ди түзүүдө.

Өлкө боюнча дагы эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, 12 кызматкер айыкты. COVID-19 вирусу жалпы 4149 медикке жугуп, анын 4026сы сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM