Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты.
Эрдоган кыргыз-түрк элинин достук мамилелерин жана кызматташтыкты бекемдөөгө, иштешүүгө даяр экенин билдирген.
Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча талапкер Садыр Жапаров 79 пайыз добуш менен жеңген.
Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын президенттери куттукташты.