Биз менен байланышыңыз

Жогорку Соттун судьясына «Мыйзамсыз баюу» боюнча иш козголду

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 815 | 0

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 323-«Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачып, Жогорку Соттун судьясы «Б.Д.С.» аттуу жаранга карата териштирүү баштады.

Жогорку Соттун сайтындагы маалыматта аталган «Б.Д.С.» аттуу судья Боронбаева Дильфуза Салимовна экенин көрүүгө болот.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, судья «Б.Д.С.» мыйзамдуу киреше булактары жок туруп, көп мүлк чогулткан. Анын ичинде элиталык курулуш компанияларынан 20дан ашык кыймылсыз мүлкү, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан батирлери, люкс класстагы унаалары болгон. Бирок бул мүлктөрү декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

Кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында судья көбүнчө жарандык келишимдерди тийиштүү мамлекеттик органдарга каттоодон өткөргөн эмес.

Мындан тышкары судья жана анын жакындары БАЭ, Түркия, Азия, Европа, Америкадагы курорттук аймактарга дайыма барып турушканы аныкталган.

Учурда «мыйзамсыз баюу» ишине тиешеси бар башка жарандарды да  териштирүү жүрүүдө.

Анын жыйынтыгында материалдар Башкы прокуратурага жиберилет.

УКМК тараткан маалыматка тиркелген сүрөттөр:

Copyright © 2017 Maral FM