Биз менен байланышыңыз

Путин Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 649 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында маалымдалды.

«Президенттик кызматка шайланышыңызга болгон куттуктоомду кабыл алыңыз. Мамлекет башчысы катары кылган аракеттериңиз орус-кыргыз алакасынын ырааттуу өнүгүшүнө шарт түзөт деп ишенем. Бул — биздин элдин достук мамилесин жана Борбордук Азия аймагынын туруктуулугун, коопсуздугун көздөйт. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Путин Орусия менен Кыргызстандын ар кандай тармактагы кызматташтык жана ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУнун алкагында конструктивдүү өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбасы мол экендигин айтып, Жапаровго ийгилик каалап өткөн.

Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM