Биз менен байланышыңыз

Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 750 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайты жазды.

Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы Кыргызстандын өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыздоого багытталарына ишенимин билдирип, Жапаровдун мамлекетти чыңдоо боюнча программасы жалпы элдин колдоосуна ээ болгонун белгилеген.

Казакстандын президенти боордош Кыргызстан менен ынтымакта, коңшулук ынак мамиледе болуп, стратегиялык өнөктөштүк боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.

Садыр Жапаров казак кесиптешине жана казакстандыктарга Кыргызстандын өнүгүүсүнө болгон колдоосу үчүн ыраазычылык айтты. Ошондой эле казак президентин парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. Мындан сырткары Садыр Жапаров Токаевдин чакыруусун кабыл алып, алгачкы расмий иш сапары менен Астанага барарын белгиледи.

Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары кайсы өлкөгө болору айтылды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM