Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Мурдагыга салыштырмалуу эркин шайлоо өтүп жатат

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 705 | 0

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1343 шайлоо участкасынан добуш берди. Президенттик жарышка алгачкы ирет катышып жаткан саясатчы шайлоо мурункуларга салыштырмалуу таза өтүп жатканын айтты.

— «Биздин тарыхта мурдагыга салыштырмалуу эркин, атаандаштыкта, жарандар жана катышып жаткан саясатчылар коркпогон шайлоо өтүп жатат. Бул биздин өлкө үчүн чоң болбосо да, маанилүү: демократиялуу, адам укугун коргогон мамлекетке бир кадам болуп эсептелинет. Буга чейин бийликтеги президент тарабынан каттуу көзөмөлдөнүп турган. Азыр андай көзөмөл бар, бирок мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу төмөн», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал шайлоо эки тур менен өтөрүнө ишене тургандыгын билдирди.

«Мен бул шайлоо 2 тур менен өтөт деп ойлойм. Өлкө үчүн, таза шайлоо үчүн 2 тур менен өтүшү биз үчүн аябагандай маанилүү жана 2 тур менен өтүшүн каалайм. Азыр да кандайдыр бир административдик ресурсту колдонуулар болду, өзгөчө укук коргоо органдары. Бирок салыштырмалуу мурдагы шайлоолордон дурус» , — деди президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков.

Мындан сырткары ал өз  шайлоо 2-тур менен өтө турган болсо, президенттикке талапкерлер менен сүйлөшүүгө бара турганын айтып, үй-бүлө мүчөлөрү Америка Кошмо Штаттарында болгондуктан, шайлоого жалгыз келгенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM