Биз менен байланышыңыз

Вакциналарды 2021-жылдын I жарымында алуу пландалууда

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 539 | 0

Кыргызстан жакынкы аралыкта коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоо маселесин иштеп чыгат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков түз эфирде билдирди.

«Биз вакцинаны эл аралык талаптарга ылайык тастыктоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн бардык керектүү материалдарды сурадык. Колдонулган вакциналардын коопсуздугу, натыйжалуулугу, терс таасирлери жөнүндө маалыматтарды аларыбыз менен биринчи партияларды алуу маселесин иштеп чыгабыз. Биринчи жарым жылдыкта бул маселе чечилет деп ойлойм», — деди Новиков.

Новиковдун айтымында, бардык адамдар вакциналарды тийиштүү көлөмдүн чегинде ала алышат. Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

«Вакцинанын баасы жана башка тармактар ​​боюнча маалымат кийинчерээк болот. Эң башкысы, бул процесс жүрүп жатат жана ал оң жыйынтыкталат деп үмүттөнөбүз», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Copyright © 2017 Maral FM