Connect with us

Бүгүн КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 462 | 0

Бүгүн, 8-январда КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы Василий Волков мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо жана референдумга карата Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Василий Волковдун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана Тышкы иштер министри менен жолугушуусу күтүлүүдө.

9-январда болсо, КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Чүй облусунун шайлоо комиссияларындагы шайлоого карата даярдыктар менен таанышат.

Ал эми 10-январь шайлоо күнүндө КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Бишкек шаарындагы бир катар шайлоо тилкелерине барат.

11-январда, саат 11.00дө БШКнын имаратында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча КМШ байкоочулар миссиясынын маалымат жыйыны болот.

Copyright © 2017 Maral FM