Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда 217 шайлоо участкасы даярдалды

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 394 | 0

Баткен облусунда шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 264тү түздү. Облус аймагында 217 шайлоо тилкеси даярдалды.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, 5-январга карата үйүндө добуш берүү үчүн 67 арыз келип түшкөн, кызматына байланыштуу 3190 жаран «Форма №3» ыкмасы менен добуш берет.

Шайлоо тилкелерин электр энегриясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында электр генераторлору коюлду. Ошондой эле жылуулук менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлдү.

Облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо тилкелери санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалды.

Шайлоо күнү добуш берүүгө келген жарандардын саламаттыгына көңүл буруу үчүн 434 медицина кызматкери, коомдук тартипти сактоо үчүн 880 милиция кызматкери иш алып барат. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуун уюштурулду.

Президенттик шайлоо жана референдум ушул жуманын соңунда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM