Биз менен байланышыңыз

Шайлоочуларды идентификациялоо үчүн 6200 комплект жабдык даярдалат

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 600 | 0

Президенттик шайлоо күнү Мамлекеттик каттоо кызматынын 420 кызматкери жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн 6200 комплект техникалык каражат тартылат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

2020-жылдын декабрь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын «119» Call-борборуна шайлоочулар тизмесинен өздөрүн тактоо үчүн 20 миңге жакын чалуу келип түшкөн.

Январь айынын башынан бери 12 миң 527 чалуу түшүп, анын 10 миң 107си шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча болгон.

Алдыдагы шайлоого карата «119» Call-борборунун иши күчөтүлүп, Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен толукталды.

2020-жылдын 1-декабрынан 2021-жылдын 4-январына чейин «МКК тейлөөсү» мобилдик тиркемеси аркылуу 80 миңден ашуун колдонуучу өздөрүнүн шайлоо тилкесинин номерин жана дарегин такташты.

Мобилдик тиркеме Android жана iOS платформаларындагы смартфондордун колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдыктарды даярдоо иштери да күчөтүлдү. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын 120 кызматкери керектүү жабдыктарды чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча иштеп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM