Биз менен байланышыңыз

«Шайлоо идеялардын эмес, акчанын күрөшүнө айланды»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Янв 2021 | 1435 | 0

Шайлоодо добуш сатып алуу парламенттин жана өкмөттүн иштебегенинен кабар берет.  Мындай пикирин парламенттик башкарууну жактаган топтун мүчөсү Перизат Саитбурхан «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, добуш сатуунун кесепети парламенттик шайлоодон кийинки окуяларга жеткирди.

«Президенттин туугандары бийликти бүт ээлеп алып, уурдай берди. Ага дагы бир клан кошулуп, өлкөнүн экономикалык абалын алсыратты. Жумушсуздук, кымбатчылык добуш сатууга алып келет. Эгерде муну жоюуну кааласак, экономиканы көтөрүү зарыл. Добуш сатып алуу эффективдүү ыкма эмес экенин көрсөтүп жатат. Президент админресурс колдонуп баштаса, анда анын бүтөр күнү жакын», — дейт Саитбурхан.

Ал эми Конституциялык референдумда баарына каршы топтун мүчөсү Азият Жекшеев шайлоону таза өткөрүү үчүн акчадан бөлүп коюу керектигин белгилейт.

«Тилекке каршы, шайлоо идеялардын эмес, акчанын күрөшүнө айланды. Шайлоо баарына бирдей болушу керек. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл», — дейт Жекшеев.

Copyright © 2017 Maral FM