Биз менен байланышыңыз

«Гардиан» басылмасы Кыргызстанды сөзсүз саякаттай турган өлкөлөрдүн тизмесине кошту

Кыска кабар | 4 Янв 2021 | 646 | 0

Британиялык белгилүү «Гардиан» басылмасы окурмандарынын сунуштарынын негизинде 2021-жылы бара турган жайлардын тизмесин түздү. Тизменин биринчи сабында Кыргызстан турат.

Алар саякаттоо үчүн Кыргызстандагы Жеңиш чокусун өзгөчө белгилеп, ал эми өлкөнү Борбор Азиядагы «стандардын» эң жакшысы деп сыпаттаган.

Британиялык басылманын окурмандарынын бири Minnie Martin эгер эпидемиологиялык абал жакшы болсо, Кыргызстанга келүүгө ниеттенип турганын айткан. Анын пикиринде, Кыргызстан саякаттоо үчүн керемет өлкө.

«Бишкек — заманбап жана жандуу шаар, ал эми элет жеринде каада-салт менен жашаган көчмөндөрдү кезиктирүүгө болот. Кыргызстан — даамдуу жергиликтүү ашканасы бар дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири». 

«Гардиан» Улуу Британиядагы белгилүү басылмалардын бири. Ал күн сайын 160 миңден ашуун нуска менен чыгат. Гезиттин онлайн версиясынын катталуучулары 1 миллиондон ашык.

Copyright © 2017 Maral FM