Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытовдун атынан 16 жаштагы Нуржигитке ноутбук белекке берилди

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 378 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атынан «Жаңы жыл — жаңы үмүттөр» аталышындагы балдар арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүсү Нуржигит Момунбаевге ноутбук тапшырылды. Ал Казыбек Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучусу.

«Жаңы жыл — жаңы үмүттөр» аталышында балдар арасында өткөрүлгөн сынакка 45 тарбиялануучу катышкан, анын ичинен 9 сүрөт республикалык сынакка көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында Нуржигит Момунбаевдин «Сыйкырдуу шар» аталышындагы сүрөтү эң мыкты деп табылган.

Панфилов мектеп-интернаты 1959-жылы негизделип, алгач чабандардын балдары окутулган, өткөн кылымдын 90-жылдарынан тарта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген ата-энесиз балдар тарбиялана баштаган.

Азыр интернатта 231 бала окуп, 105 бала туруктуу жашайт. Алардын ичинен он бири тоголок, кырк беши жарым жетим экени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM