Биз менен байланышыңыз

2020-жылы дүйнө боюнча 50 журналист өлтүрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 819 | 0

2020-жылы дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 50 журналист өлтүрүлдү. Алардын көбү (68 %ы) согуштук аракеттер, чыр-чатагы жок өлкөлөрдө болгон. Бул тууралуу эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» укук коргоо уюмунун баяндамасында айтылат.

2016-жылы ЖМК өкүлдөрү каза болгон учурлардын 58 %ы согуш жүрүп жаткан аймактарда катталган. Быйыл Сирия, Йемен, Ооганстан жана Ирак өңдүү куралдуу кагылышуулар уланып жаткан аймактарга жалпы көз жумган журналисттердин үчтөн бири гана туура келет.

Баяндамага ылайык, 2020-жылы каза болгон журналисттердин болжол менен 84 %ы атайылап өлтүрүлгөн. 2019-жылы бул көрсөткүч 63 %ды түзгөн. ЖМК өкүлдөрү эң көп каза тапкан өлкөлөр деп, Мексика (8), Индия (4), Филиппин (3) жана Гондурас (3) мамлекеттери аталды.

«Чек арасыз кабарчылардын» эки жума мурда жарыяланган биринчи баяндамасында дүйнө жүзү боюнча дээрлик 400 журналист кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу түрмөдө жазасын өтөп жатканы жазылган. Алардын жарымынан көбү Кытай, Сауд Арабиясы, Египет, Вьетнам жана Сириядагы түрмөлөрдө отурушат. Баяндамада белгиленгендей, өткөн жылга салыштырмалуу камакка алынган аял журналисттердин саны 35 %га көбөйгөн.

Дүйнө жүзүндө 387 журналист камакта жатат

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун журналисттерге карата зомбулук көрсөтүү учурларына байланышкан баяндамасы 1995-жылдан бери жарыяланып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM