Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндө 387 журналист камакта жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 623 | 0

Дүйнө жүзүндө кеминде 387 журналист же ЖМК мүчөсү абакта жатат. Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун 14-декабрь — Адам укугун коргоо күнүнө карата жасаган баяндамасында айтылат.

Deutche Welle  басылмасы жазгандай, камалгандардын 61 пайызы Кытай (117 адам), Сауд Аравия (34), Вьетнам (28) жана Сирияда (27). Андан тышкары 54 журналист уурдалган, алардын ичинен төрт журналисттин кайда экени ушул кезге дейре дайынсыз.

Ондогон журналисттер пандемияны чагылдыруу учурунда абакка түшкөн.

Беларусиянын өзүндө эле журналисттерди кыска мөөнөткө камакка алуу боюнча 370 учур катталган. Бул көрүнүш президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин өлкөдө пайда болгон башаламандыкты чагылдырууда орун алган.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму 1995-жылдан жыл сайын 1-январдан 1-декабрга чейинки аралыкта журналисттердин иштерине болгон коомдун мамилесине, алардын кызматтык милдетин аткаруудан улам келип чыккан ар кандай жагдайларга байкоо салып, жыл жыйынтыгын чыгарып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM