Биз менен байланышыңыз

Рашид Тагаев: Президенттик жарыштан чыгууга мажбур болдум

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 1650 | 0

Президенттикке талапкер Рашид Тагаев шайлоого катышпай турганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыштан эмне себептен чыкканын түшүндүрдү.

«Мен президенттик кызматка талапкерлигимден баш тартууга аргасызмын. Жеке байкоом боюнча, шайлоо кампаниясын мындан ары улантууга мүмкүнчүлүк берилбейт«, — дейт Тагаев.

Ал өз позициясына бекем бойдон каларын жана өлкөдө тартип, туруктуулуктун орношу үчүн иштей берерин айтты.

«Бүгүнкү саясий жагдай өтө тездик менен өзгөрүп жатат, чечимдер кырдаалга жараша кабыл алынат. Бирок өлкөдө жалпы кырдаал турукташканда, сиздердин ишеним жана колдоо менен мен баштаган ишимди улантам. Кыргызстан эркин, көз карандысыз, экономикалык жактан туруктуу жана өнүккөн мамлекет экенин ар бир кыргызстандык сыймыктануу менен айта алышы үчүн бардык салымымды кошом».

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага катышуу үчүн катталган талапкерлердин саны 17 болду.

Рашид Тагаев жана дагы бир талапкер Садыр Жапаров 29-декабрдагы теледебатка келишкен эмес.

Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев бүгүнкү теледебатка катышкан жок

Copyright © 2017 Maral FM