Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев бүгүнкү теледебатка катышкан жок

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 1112 | 0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев бүгүнкү теледебатка катышкан жок.

Телетаймаштын алып баруучусу Алмаз Касымалиев, Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев бир күн мурда кат жазып, аймактардагы жолугушуулардын графигине байланыштуу бүгүнкү дебатка катышпай турганын билдиришкенин айтты.

Дебатка президенттикке талапкерлер Мыктыбек Арстанбек, Имамидин Ташов, Арстанбек Абдылдаев жана Элдар Абакиров катышууда.

30-декабрда Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев жана Абдил Сегизбаев дебатка чыгат.

Ушуну менен дебаттын биринчи айлампасы жыйынтыкталып, экинчиси 6-январда башталат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жыдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышат. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатат. Ал 8-январда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM