Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн каттоону алмаштыруунун акыркы күнү 

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 464 | 0

Бүгүн, 29-декабрда жарандар президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүү үчүн каттоосун алмаштыруунун акыркы күнү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо үчүн активдүү катышууга чакырат. Шайлоочу тизмеден аты-жөнүн тактап, эгер ката табылса БШКга арыз менен кайрылуусу керек.

Кыргызстандан сырткаркы өлкөлөрдө 39 миң жаран катталган. Орусиянын Москва шаарында шайлоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу дагы эки шайлоо участогу, Тюменде бир участок ачылды.

Чет жактарда жалпысынан 48 шайлоо участогу ачылды, анын 15и Орусияда.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM