Биз менен байланышыңыз

2021-жылы коңшу өлкөлөрдө абал кандай болот?

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Дек 2020 | 1836 | 0

2021-жылы коңшу өлкөлөрдө экономикалык кырдаал Кыргызстандын абалынан айырмаланбайт. Бул тууралуу Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканы Кыялбек Акмолдоев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемия коңшу өлкөлөрдү айланып өткөн жок, экономикасына залакасын тийгизди. Бирок Өзбекстан менен Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардамдар келгенин эске алганда, бул өлкөлөрдүн экономикасы кескин төмөндөп кетпегенин көрсөтүп жатат.

«Вакцина табылып, эл мурдагы жолго түшкөндө, бир аз туруктуулук орун алышы мүмкүн. Пандемия болбогон күндө деле экономикабызда көп өзгөрүү байкалмак эмес. Болгону биз бир нерсеге шылтоологонду жакшы билебиз. Экономиканы өстүрүүнүн эң туура жолу — адамдык ресурстун жана капиталдын өндүрүмдүүлүгү. Бул жогору болсо, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшөт», — дейт Акмолдоев.

Copyright © 2017 Maral FM