Биз менен байланышыңыз

«Элдин кирешеси кескин азайды»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Дек 2020 | 1465 | 0

Пандемия дыйкандардын кирешесине көп таасир этпесе да, сомдун арзандашы зыянын тийгизди. Бул тууралуу Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканы Кыялбек Акмолдоев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, валюта рыногундагы туруксуздуктан улам жарандардын сатып алуу жөндөмү төмөндөдү. Жумушсуздук күч алгандыгына байланыштуу элдин кирешеси азайды.

Өткөн жылы ишканалардын чыгашасы 4.5 млрд сом болсо, быйыл бул көрсөткүч 47 млрд сомду түздү. Ал эми рентабилдүүүлүк 20 эсе азайды.

2019-жылы сатуудагы рентабилдүүлүк 12 % болсо, быйыл 0,5 %га түштү. Өлкөдөгө саясий окуялардын кесепетинен улам кен казуу тармагында да солгундоолор байкалды.

Copyright © 2017 Maral FM