Биз менен байланышыңыз

«Мамлекет ишкерлерге мамилесин өзгөртүшү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Дек 2020 | 1273 | 0

2021-жылы мамлекет ишкерлерге мамилесин, алар менен чогуу иштөө философиясын өзгөртүшү керек. Мындай пикирин эл аралык «Ала-Тоо» университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканы Кыялбек Акмолдоев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ишкерлерге карата авторитардык мамиле бар. Бирок салыктардын басымдуу бөлүгү ишкерлерден түшөт. Ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйлөрүн чогуу чечүүгө аракет кылуу зарыл. Мамлекет бизнес коомчулугу менен өнөктөш катары иш алып барышы керек.

«Анткени суу алган булакты жаап салбай, инфраструктурасын өнүктүрүп, жардам берүү философиясы менен кетүү керек. Экспортко багыт алган ишкерлер: «Мамлекет бизге тоскоол болбосо эле — чоң жардам», — дейт. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет ишкерлер менен биргеликте иштешет. Алсак, президент кайда барбасын, жанына ишкерлерди кошуп алат», — дейт Акмолдоев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM