Биз менен байланышыңыз

Сомдун курсу түшүүсү мүмкүнбү?

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 646 | 0

Чет элдик валюталарды сатып алууда эч кандай чек жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын резервинде 2,4 млрд доллар бар. Сомдун курсу мындан ары түшпөйт.

«Сомдун курсунун түшүүсүнө эч кандай себеп жок. Өлкөнүн экономикасы өсүп жатат. Акырындык менен коронавируска байланыштуу анча-мынча структуралык өзгөрүүлөр болуп жатат. Кытайдан келип жаткан товарлардын орду Түркия болобу, Европа болобу өзгөрүлүп, алмашылууда. Бул эми кыска мөөнөттүү таасир болот. Бирок эки-үч ай ичинде баары ордуна келип, ушундай абалда калат», — деди Абдыгулов.

Ал белгилгендей, өнөктөш өлкөлөрдүн базарларында ири калкуулар орун алууда. Ал экспортко багытталган товарларга, негизинен, мунай, кара металл жана башка продукцияларга байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан, өнөктөш мамлекеттердин валюталарында кескин түрдө өзгөрүүлөр байкалды. Мунун Кыргызстанга түздөн-түз таасири жок. Бирок соода жүгүртүүдө Орусия, Кытай, Казакстан менен көптөгөн транзакциялар жасалат. Мындан улам, Кыргызстанга кыйыр болсо да таасирин тийгизет.

Copyright © 2017 Maral FM