Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш «экономикалык амнистия» жөнүндө мыйзамды кабыл алды

Кыска кабар | 23 Дек 2020 | 666 | 0

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору республикалык бюджетте тартыштык орун алган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессине катышкан адамдарга карата ишкердик ишин жүргүзгөн субъекттерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө максатында, ошондой эле коронавирус инфекциясы (COVID-19) жайылган шартта түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалганын белгиледи.

«Көпчүлүк социалдык изилдөөлөр ырастагандай, камак жайларындагы бөтөнчө субмаданият адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип, соттолгон адамды түзөтүү жагынан иш жүзүндө натыйжа бербей, тескерисинче, алардын социалдык коомдо басмырланышына алып келет. Ушуга байланыштуу сунушталган ченемдер күнөөсүн мойнуна алган жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга коомдон обочолотпоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган«, — деди.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов мурда кабыл алынган мүлктү адалдоо өнөктүктөрүндө өз ыктыяры менен декларация тапшыргандарга токтолуп, аларга бул мыйзамда кандай кепилдиктер каралганына кызыкты.

Өз кезегинде депутат Гүлшат Асылбаева мүлкүн ыктыярдуу адалдаштырган ишкерлерге карата текшерүү жүргүзүлбөй тургандыгын, эгер тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү башталган күндө да, декларацияланган документтер көргөзүлөрү менен ишти кароо токтотуларын белгиледи.

Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев аталган мыйзам долбоору инвестициялык климатка кандай таасир берерин сурады.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев: «Инвесторлордун иши үчүн өтө маанилүү. Алсак, эгер мыйзам бузуу катталса, соттун чечими чыкмайынча, ага карата камоо жазасы колдонулбайт. Андан тышкары мыйзамды сунуштоодогу негизги максат каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу болуп эсептелет», — деди.

Copyright © 2017 Maral FM