Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы саясий кризис тоо кен тармагын 20 млн доллар чыгымга учуратты

Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 1563 | 0

Быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин болгон саясий кризисте бизнес тармагы көптөгөн чыгымга учураган. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун айтымында, бир эле тоо-кен тармагынын чыгымы 20 млн долларды түзгөн.

Жаз айларынан бери тейлөө тармагы жабыркаган. Ал эми 5-октябрдагы окуялардан кийин экономикалык кырдаал курчуган.

Аскар Сыдыковдун маалыматы боюнча, келерки жылы инвестициянын көлөмү 128 миллион долларга кыскарат деп күтүлүүдө. Бул — негизинен саясий кризиске байланыштуу.

Быйыл 11 ай ичинде ишканалардын киреше бөлүгү 20 эсе түштү. Бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайызга өсүү байкалды.

Курулуш тармагы 15,9%, соода-сатык 15,6%га төмөндөдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM