Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: Өкмөт шайлоолорду таза жана ачык-айкын өткөрөт

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 683 | 0

Өкмөт таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенүүдө, ал үчүн аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракетин бириктирүүгө даяр. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов Нарын облусундагы көчмө жыйында билдирди.

«Укук коргоо органдары ар кандай мыйзам бузууларга ыкчам жооп кайтарууга милдеттүү. Учурда республиканын ар бир жаранында уюлдук телефон бар, сүрөткө тартып, бизге жөнөткүлө, биз ыкчам чараларды кабыл алабыз. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурс жана башка мыйзам бузууларга жол берилбеши керек», — деди Мамытканов.

Ысык-Көл облустук милициясы Мадумаровдун билдирүүсүн териштире баштады

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Нарын облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ар бир район жана шаардагы шайлоо участокторунда мыйзам бузууларга жол бербөө максатында координациялык топтор түзүлгөн.

Жапаров: Шайлоо таза өтпөсө, төртүнчү революция болушу мүмкүн

Copyright © 2017 Maral FM