Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облустук милициясы Мадумаровдун билдирүүсүн териштире баштады

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 1006 | 1

Ысык-Көл облустук милициясы президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталганын кабарлады.

17-декабрда КТРКнын түз эфиринде президенттикке талапкердин бири Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштоону пландаганын, бирок анын тарапташтарына карата коркутуу болуп жатканын айткан.

«Биз ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, менин штабымдан Ысык-Көлгө барбашымды жалынып-жалбарып суранышты. Алар: «Башка талапкерлерге иштегениңерди көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз», — деп коркутушуптур», — деп билдирген Мадумаров.

Ысык-Көл ОИИБнин басма-сөз кызматынын маалыматына караганда, Мадумаровдун штабы үгүт иштери Ысык-Көлдө кайсы күндөрү жүргүзүлөрү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча жергиликтүү бийликке эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес.

«Жолугушууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз деген коркунучтар болуп жатат деп арыздангандар да болгон эмес. Бирок Жазык-процессуалдык кодексинин 149-беренесинин 1-пунктуна ылайык, (Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы) Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү Ысык-Көл милициясында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Мадумаровго коркутуу болгонуу тууралуу маалыматтар иликтенет

1 пикир

1 пикир

  1. Файзилла

    19.12.2020 13:09

    Салам Бахар ден соолугун жакшы иштеп журосунбу.Баткенден салам

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM