Биз менен байланышыңыз

Мадумаровго коркутуу болгонуу тууралуу маалыматтар иликтенет

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 663 | 0

Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровго карата коркутуу болгону боюнча маалыматтар Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине жиберилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

17-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна Адахан Мадумаровдун Ысык-Көл облусуна үгүт иштери менен баруусуна тоскоолдук жаралганы жөнүндө маалымат түшкөн.

Адахан Мадумаров өзү да Коомдук каналдагы түз эфирде тарапташтарына карата коркутуу болуп жатканын айткан.

«Биз ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, менин штабымдан Ысык-Көлгө барбашымды жалынып-жалбарып суранышты. Алар: «Башка талапкерлерге иштегениңерди көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз», — деп коркутушуптур», — деди Мадумаров.

Кезексиз президенттик шайлоого карата үгүт иштери 15-декабрда башталган. Ал 9-январь эртең мененки саат 8де аяктайт. Быйыл президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышат.

Copyright © 2017 Maral FM