Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Шайлоо таза өтпөсө, төртүнчү революция болушу мүмкүн

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 822 | 0

Шайлоо таза өтпөсө, төртүнчү революция болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт башчылык кызматын убактылуу тапшырган, президенттик милдетти аткарган, учурда президенттикке талапкер Садыр Жапаров журналист Майраш Базлакунованын жеке каналына маек берип жатып айтты.

Жапаров Кыргызстандагы элдик толкундоолордун баары шайлоо таза өтпөгөнү үчүн болду деп эсептейт. Ал президенттин милдетин аткарып турганда, шайлоолорду таза өткөрүү боюнча токтомго кол коюп кеткенин айтты.

Анда добуш саткандарды да сатып алып жаткандарды да камоо керектиги айтылат. Садыр Жапаровдун пикиринде, кийинки шайлоолордогу мыйзам бузууларды ушундай жол менен токтотууга болот.

«2020-жылы шайлоонун кесепетинен үчүнчү жолу бийлик алмашты. Добуш сатып алуу, «форма-2ни» ойлоп чыгып, бир айылдан экинчи айылга ташып барып, добуш бердирүүнүн айынан чыкты. Ошондуктан мен тарыхтан сабак алдым деп маектеримде айтып жүрөм. «Форма-2ни» жоюп салдык. Эми бардык шайлоолор таза өтөрүнө ишендире алам, антпесе төртүнчү революция болуп кетиши мүмкүн. Бир тырмоону кайра-кайра баса бергенден эл да, мамлекет да, мен да утпайм», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM