Биз менен байланышыңыз

Новиков өткөрмө пункттардын 30дан ашык кызматкерин ротациялады

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 875 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке ашыруунун баскычтарын талкуулады.

Жыйында экономиканы санариптештирүү боюнча ар бир долбоор презентацияланып, анын жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталды.

Артем Новиков көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук долбоорун ишке ашыруудагы алешемдиктерди сындады.

«Биздин алдыбызда чек арада боло турган коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча маанилүү жана олуттуу милдет коюлган. 20-декабрда «Бириккен пост» автоматташтырылган тутуму «Чалдыбар — Автожол», «Ак-Тилек -Автожол», «Чоң-Капка – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарында пилоттук режимде иштей башташы керек. Автоматташтырылган тутум биринчи кезекте, салык кызматына керек, анткени, ал толук кандуу ишке киргизилгенде, коррупциялык тобокелдиктер жокко чыгарылат, ал эми чогултулган каражаттар республикалык бюджетти толтурууга багытталат», — деди Новиков.

Көчмө жыйындын соңунда жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобил, суу транспорту жана салмак, тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгынын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду.

«Эркечтам» көзөмөлдөө пунктунун жетекчиси кызматтан төмөндөтүлүп, башка кызматка которулду.

«Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» көзөмөл пункттарынын – 22 кызматкери, «Чоң-Капка» жана «Кызыл-Адыр» көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери ротацияланды.

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын өздүк курамынын кызматкерлерине карата милдеттерин аткарууда кетирилген кемчиликтерине байланыштуу төмөнкүдөй чаралар кабыл алынды:

-Беткендеги «Кайрагач» өткөрүү пунктунун жетекчиси кызматынан төмөндөтүлүп, инспектор кызматына которулду;

-Түштүк аймактагы бажы көзөмөлүн уюштурууну жетектеген «Ош» бажы процесстери борборунун, «Достук» өткөрүү пунктунун жетекчилери кызматынан төмөндөтүлүп, башка орундарга которулду;

-«Достук» өткөрүү пунктунун башчысы кызматынан эки баскычка төмөндөтүлдү;

-«Достук» өткөрүү пунктунун башкы инспектор кызматын ээлеген калган жеке курамы кызматтан төмөндөтүлүп, коштоо түзүмдөрүнө жана нөөмөт кызматына которулду.

Учурда ички кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM